Саммит – жакында Европарламентке көпчүлүгү оңчул жана жалпы европалык идеяны жактыра бербеген күчтөр шайлангандан кийин чогулууда. Саммитте Европа Биримдигинин лидерлери Жозе Мануэл Баррозуну Еврокомиссиянын президенттигине кайра шайлашты. Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелддин айтымында, Евробиримдиктин лидерлери Баррозуну бир добуштан колдогон. 53 жаштагы Баррозу Еврокомиссияны 2004-жылдан бери жетектеп келет.