Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ысык-Көлдө катуу толкунда калган эки өспүрүмдү 60 км аралыкка шамал айдап кетип, аман калды


16 жаштагы Д.Курманов и М.Джусупов деген эки окуучу 17-июнда саат 14:00до көлдүн күңгөй тарабындагы Кош-Көл айылынын жанындагы “Дордой” эс алуу жайынын аймагында катамаран менен сууда сүзүп баратышканда катуу шамал болуп, аларды айдап кеткен. Балдарды шамал айдап отуруп 60 км алыстагы көлдүн тескейине алып барып таштаган. Эки өспүрүм бир суткадан кийин 18-июнда саат он алтыларда Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тушунан жан алакетке түшүп жээкке чыгышып, катуу толкунга кабылышканын айыл элине айтышкан. Айыл тургундары дароо балдардын аман-эсен экендигин ата-энесине кабарлашкан. 17-18-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баш болгон куткаруучулар тобу көлдүн айланасын тик учак, теплоход менен кыдырып эки баланы таппай коюшкан. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнө шилтеме жасап маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG