Өз сөзүндө БЭКтин бирдиктүү талапкери үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшөрүн, мамлекеттин негизги максаттары - өлкөдө тартип менен стабилдүүлүктү орнотуу, жарандардын бакубат жашоосун, алардын өмүрүн, ден-соолугун жана менчигин коргоону камсыз кылуу керектигин белгиледи. 23-июлда өтүүчү президенттик шайлоого 50-100 миң көзөмөл кылып, шайлоочулардын добуштарын уурдатпоого аракет көрүлөрүн айтты. Жолугушууга 800 чукул атуулдар келип, жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болгон жок. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз маалымдады. (AJ)