Акыйкатчы Турсунбек Акун бул тууралуу бүгүн Адам укугу боюнча эл аралык федерациянын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Кыргызстандын миграциялык саясаты менен тааныштырып, аталган институт мигранттардын укуктарын коргоп, четте жүргөн өлкө атуулдарына колдоо көрсөтүп келгенин айтты. Бул тууралуу Акыйкатчы инcтитутунун маалымат кызматы билдирди. Адам укугу боюнча эл аралык федерацияга дүйнөнүн жүз кырктан ашуун уюму мүчө. (EBM)