Өткөн жума күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп ырастаган оппозиция бир нече күндөн бери нааразылык жүрүштөрүн уюштуруп келатат. Шайлоону, расмий маалыматка ылайык, президент Махмуд Ахмадинежад жеңди. Хаменеи улутка бүгүн жума намазы маалында кайрылды. Ал шайлоо элдин Ислам системасына ишенээрин көргөздү деп, Ирандын душмандары андай ишенимге көлөккө түшүрүүгө аракеттенүүдө деди. Буга чейин Аятолла ирандыктарды Ахмадинежадды колдоого, биригүүгө үндөп келген. Массалык өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан кийин Хаменеи добуштардын бир бөлүгүнүн кайра санап чыгылышына макул болду. Утулуп калган талапкер, реформачыл саясатчы Мир Хоссейин Мусави болсо жыйынтыктардын жокко чыгарылышын жана жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн талап кылууда.