Бул тууралуу аталган партиянын штабынан билдиришти. Маалыматка караганда, президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн Сулайман тоосунда зыярат кылып, Ош шаарындагы жана облустагы штаб башчылары, партиянын активисттери менен жолугушуп, алдыдагы үгүт иштерине байланыштуу маселени сүйлөшүп, үгүт иштерин эртең Баткен облусунан баштайт. Штаб жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссияларынын курамына "Ак шумкардын" өкүлдөрүн киргизүүдө жергиликтүү бийликтер тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын кабарлады.(AJ)