Үстүбүздөгү жылдын 31-майында Түптө өтпөй калган курултайга, бийликтин Ысык-Көлдөгү зордукчул, мыйзамсыз иштерине байланыштуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге расмий түрдө кайрылды. Анда республиканын аймагында оппозициялык саясатчыларга жана алардын өкүлдөрүнө жергиликтүү бийлик төбөлдөрү, укук коргоо органдары мыйзамсыз аракеттерди жасап жатканы белгиленген.
"Бийликтин Түп районундагы аракеттери эркиндиктерибиз менен укуктарыбызды басууга багытталган, оппозиция өкүлдөрүнө, бийликке көз карандысыз, өз алдынча саясый позициясы бар адамдарга карата атайын уюштурулган акция деп айтууга толук негиз бар. Мамлекет башчысы коомдогу туруктуулук, тынч жашоо тууралу көп айтып жүрөт. Адилеттүүлүк болбосо тынчтык болбойт. Ошондуктан бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, жогоруда белгиленген фактыларга тийиштүү баа берилиши керек, деп эсептейм", - деп билдирген Роза Отунбаева. (AJ)