Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын өкүлү Мирзат Ажиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыр аталган кыймыл Борбордук шайлоо комиссиясы менен жолугушуунун форматын талкуулап жатат. М. Ажиевдин айтымында, анда алар талапкерлер менен көзмө-көз отуруп сүйлөшүп, шайлоону таза өткөрүү маселелерин талкуулашат. Иш-чараны уюштуруп өткөрүүгө БШК өзү кызыкдар болуп жатат, дейт М. Ажиев. “Мен ишенбейм” кыймылы 28-майда Бишкекте дал ушул максатты жыйынга чогулуп, бирок БШКнын айынан талапкерлер менен жолугушуу үзгүлтүккө учураган эле. Аталган кыймылды 2007-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жаштар түзгөн. Бир катар каршлык акцияларды уюштурушкан. (EBM)