Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

“Журналисттер” коомдук бирикмеси абройлуу IFEX уюмуна мүчө болду


Бул тууралуу бирикменин координатору Мэри Бекешова “Азаттыкка” билдирди. IFEX же кыргызча Эл аралык сөз эркиндигин коргоо уюмуна дүйнөнүн 90 мамлекети мүчө. Баш кеңсеси Канадада жайгашкан уюм дүйнө боюнча сөз эркиндигин колдоо жаатында иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып келет. “Бизге чейин Казакстандын “Адил сөз” аттуу уюму IFEXке мүчө болчу. Биз алар аркылуу уюмдан ар кандай жардамдарды алып келгенбиз. Эми биз мүчө катары уюмдан түз жардамдарды алып турмакчыбыз”,- дейт М.Бекешова. “Журналисттер” коомдук бирикмеси IFEX уюмуна жакында эле Норвегиянын борбору Осло шаарында мүчөлүккө кабыл алынды. Борбор Азияда бул уюмга Казакстандын “Адил сөз”, Кыргызстандын “Журналисттер” коомдук бирикмеси гана мүчө. (IJz)

XS
SM
MD
LG