Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:40

БЭКти колдоочуларды шайлоо комиссиялардын курамына киргизүү чектелүүдө


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын саясий бюросунун мүчөсү Таластан Элүүбай Отунчиев билдирди. Анын айтымында, Кара-Буура районунда участкалык шайлоо комиссияларына “Ата Мекен” партиясынын тарабынан сунушталган талапкерлерди “жашаган жеринен, иштеген жеринен күбөлөндүргөн кагаз алып келгиле”,- деп ар кандай шылтоолор менен мүчөлүккө каттабай жатышат. “ Райондун акими Сарпбек Эшалиев шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн “Ата Мекен” партиясынын ондон ашуун өкүлдөрүн үйлөрүнө чейин барып коркутуп-үркүтүп, аларды баш тартууга аргасыз кылды”,-дейт Отунчиев. Кара-Буура районунун акимчилиги же райондук шайлоо комиссиясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG