Биринчи май райондук соту “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов менен сотто суралып жаткан Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Таалайбек Кыдыровдун жактоочусу 11-июнда сотко келбей калгандыгына байланыштуу соттук териштирүүнү 22-июнга жылдырган. А.Жекшенкуловдун тапанчасынан 2007-жылы декабрда Таласта түрк ишкери Сервет Четин өлтүрүлгөн деген шек менен Коопсуздук комитетинин абагына укук коргоо органдары тарабынан үстүбүздөгү жылы 9-мартта камакка алынган. (AJ)