Өлкөнүн эң жогорку органы катары эсептелген Көзөмөл кеңештин маалымат катчысы Аббас Али Кадходаеинин мамлекеттик теледен айтканына караганда, 50 шаарда эсептелген добуштардын саны добуш берүүгө укуктуу элдин санынан көп болуп чыккан. Көзөмөл кеңешинин өкүлү белгилегендей, суроо жараткан бул добуштар 3 миллиондун тегерегинде, бирок ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир көргөзө албайт.
Көзөмөл кеңешинин шайлоодогу эреже бузууларды моюнга алуусу 12-июнда азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга утулду деп табылган оппозиция талапкери Мир Хоссеин Мусави өз жактоочуларын нааразылык акцияларын улантууга чакырган учурга туш келди.