Бул тууралуу К. Бакиев кечээ Франция президентинин өкүлүн кабыл алган учурунда билдирди. Франциянын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Пьер Лелушаны жолугушууда Пьер Лелуша өз президенти Николя Саркозинин атынан президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алуу тууралуу каалоолорун билдирип, эл аралык байкоочулардын саны эки эсе көбөйтүлгөнүн кубаттоого алды. Франциянын өкүлү ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга Кыргызстан кошуп жаткан салымын белгилеп, бул багытта мындан ары да жигерүү иш алып барат, деген үмүтүн билдирди. КР президенти К. Бакиев өз кезегинде Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга башынан бери ар тараптуу көмөк көрсөтүп келе жатканын белгилеп, бул аракетин мындан ары да улантарын айтты.(ZKo)