КР өкмөт башчысы атайын жарлыгы менен мамлекеттик резервден 150 тонна данды тегирменден өткөрүп, Миң-Куш шаарчасындагы элге жеткирүүнү буйруду. Жарлыкка ылайык эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри шаарчадагы муктаж адамдардын тизмесин берүүгө, ал эми жергиликтүү бийлик ундун бул адамдарга жеткирилүүсүнө жоопкер болушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)