Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Кыргызстанда эркектердин жашоо мөөнөтү орто эсеп менен 64 жылды түзөт

Бул аялдардын жашоо мөөнөтүнө караганда 8 жылга аз, деп билдирди бүгүн КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында. Анын айтуусунда эркектер көбүнчө автокырсык ж.б. кырсыктардын натыйжасында жаш курагында эле каза табышат, өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн арасында да эркектер көптүк кылат. Мындан тышкары түрдүү ооруларга чалдыккан учурларда дарыгерлерге кайрылышпайт. Ошондой эле аракечтик жана баңгиликке берилүү жагынан да эркектер аялдарга караганда бир топ алдыда. Өлкөдөгү расмий катталган 900 СПИД оорулуулардын 80% эркектер.
Бүгүн Кыргызстанда эркектердин саламаттыгына арналган жумалык ишин баштады.(ZKo)
XS
SM
MD
LG