Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Медиа өкүлчүлүгү институту: Маалымат каражаттарынын талапкерлерге мамилеси бирдей эмес


Айрым маалымат каражаттарында К. Бакиевдин талапкерлиги оң жагынан көрсөтүлүүдө, ошол эле учурда башкаларга мындай мамиле сезилбейт, деп айтылат Кыргызстандагы Медиа өкүлчүлүгүнүн акыркы жума үчүн тараткан отчетунда. Ага ылайык, УТРК тарабынан бир жума ичинде К. Бакиев 97% (18 003 секунд) көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда башка талапкерлер: Ж. Назаралиев 78 секунд, Т. Сариев 94 секунд, А. Атамбаев 125 секунд, Т. Үмөталиева 78 секунд, ал эми Н. Мотуев 19 секунд УТРКдан көрсөтүлгөн. ЭлТР телекомпаниясы да шайлоого бөлүнгөн эфир убагынын 99% азыркы президент тууралуу маалыматтарга берген, ал эми калган 1% башка талапкерлер тууралуу маалыматтарга берилген. Азыркы президент тууралуу маалыматтарга 5-канал 94% убакыт бөлгөн, НТС 99%, кыргыз радиосу 95%, ал эми “Азаттык” үналгысы 65% убакыт берген. Булардын ичинде К. Бакиевдин президенттик кызматына тиешелүү жасаган иштери, ШКУ саммитине катышуусу, Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу, Нарын облусуна иш сапары, ишкер чөйрө менен жолугушуусу, Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желектин көтөрүлүү салтанатына катышуусу кошо эсептелинген.
Ал эми басылмалардын ичинен мамлекеттик басма сөз каражаттары негизинен К. Бакиев тууралуу маалыматтарга, ал эми эркин басылмалар башка талапкерлерге көбүрөөк орун бергени айтылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG