Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Нурада кардын жаашы менен куруу иштери кыйындады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк борборунун деректири Тариэл Келдибековдун маалымдашынча, бүгүн таңга маал Алайдын Нура айлына 10-15 сантиметр калыңдыктагы кар жаап салды. Натыйжада зилзаладан жабыркаган бул айылда там-жайды куруу иштери кыйындады. Азыр аймактагы кар бир бульдозор жана эскаватор менен гана тазаланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жер титирөөдөн жабыркаган аймакты тазалоо үчүн өкмөттөн 300 миң сом алган “Ошпирим” ишканасы милдетин аткарбай эмгиче Нурага жардамга келе элек. Былтыр 5-октябрда Нурада жер титиреп айыл тыптыйпыл кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG