Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Талас шаардык шайлоо участкасына БЭКтин өкүлдөрү кирбей калды


“Азаттыкка” бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) Таластагы штабынын маалымат катчысы Асыл Мамырова билдирди. Анын айтымында, шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчиси, мэрияда иштеген Эрлан Ашыралиев БЭКтин талапкерлеринин документтерин16-июнда кабыл алган. 20-июнда чучу кулак кармоого бир күн калганда БЭКтин өкүлүнө документтер туура эместигин айткан. А. Мамырованын билдиришинче, бул жерде техникалык гана каталар кеткен жана аны чукул оңдоп кайра тапшырышкан. Бирок эртеси күнү аларды чучу кулак кармоо иш-чараларына киргизбей, алтүгүл мэриянын эшигин кулпулап алышкан. Таластагы райондук шайлоо комиссияларына бирин-серин өкүлдөрүн өтө кыйынчылык менен өткөрүшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Аманкул Молдалиев “Азаттыкка” бул коюлган дооматтарды четке какты. Шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өздөрүнүн туура жана так маалыматы жетишпегендиктен кирбей калышы ыктымалдыгын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG