Уюштуруучулардын маалымат жыйынында билдиришкени боюнча кинофестиваль бир жумага созулуп, эки бөлүктөн турат. Биринчи сынакка коюлган кыска метраждуу кинотасмалар көрсөтүлөт, экинчи толук метраждуу кинофильмдер сынактан тышкары эле көрүүчүлөргө тартууланат. Фестивалда жалпысы болуп жыйырмадан ашуун тасма көрсөтүлөт, сынакта жеңип чыккан кыска метраждуу фильмдин режиссеру 1000 евро сыйлык алат.
Кыргызстан-Германия-Франция киноишмерлери тарабынан уюштурулуп жаткан бул фестивалда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына узун-туурасы 10х8 метр келген экран орнотулуп, кино ышкыбоздору фильмдерди акысыз көрө алышат.(ZKo)