Бул тууралуу парламенттеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Жусупжан Жээнбеков өткөн жылдын 26-сентябрынан бери дайынсыз жок болуп жаткан уулун издөө үчүн убактылуу саясаттан кетүүнү көздөп, бул тууралуу билдиргени ырас. Бирок фракция лидери менен көзмө-көз сүйлөшүүдөн кийин, Жээнбеков бул оюнан кайткан. Бакыт Бешимовдун белгилегени боюнча бийлик тарабынан социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүү жана башка жолдор менен партиядан чыгаруу аракети күчөп жатат.(ZKo)