Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги тарапкерлеринин арызын БШК жоопсуз калтырууда

Мындай маалыматты оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Баткен районундагы шайлоо штабынын башчысы Бакир Имаров “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, аймактагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден куралганы, бул мыйзамга каршы келээри тууралуу арыз Борбордук шайлоо комиссиясына төрт күн мурда жолдонгон. Бирок алиге чейин жооп жок. Ушундай эле арыз менен шайлоо штабы 16-июнда Баткен райондук сотуна да кайрылган, бирок сот бул маселе боюнча БШК иш алып барат деген негизде арызды кароодон баш тарткан. (JsA)
XS
SM
MD
LG