Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Иран: бери дегенде 24 журналист камакта


Иранда 10 күндөн бери уланып келаткан нааразылык иш-чаралары маалында бери дегенде эле 24 журналист жана блоггерлер камакка алынды. Бул тууралуу Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” бейөкмөт уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Уюмдун ырасташынча, журналисттер Иран бийлиги кароолго алган башкы бутага айланды. Камакка алынгандардын арасында Иран журналисттер ассоциациясынын жетекчиси жана канадалык “Newsweek” журналынын кабарчысы да бар. Чет элдик басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө Иранда болуп жаткан нааразылык чараларын жеринен чагылдырууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG