Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:41

Обама Түндүк Кореянын ракеталык чабуулунун майтарууга АКШ даяр дейт


АКШнын Куралдуу күчтөрү Түндүк Кореянын ар кандай ракеталык чабуул аракеттерине жооп кайтарууга даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама билдирди. Бирок президент Обама мында Түндүк Кореяга каршы согуштук аракеттердин ыктымалдыгы тууралуу сөз жүрүп жаткан жоктугун да баса белгиледи. Пхенян 25-майда жер алдында өзөктүк дүрмөт жардырып сынак өткөргөн. Түндүк Корея бийлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Пхенянга каршы киргизген катаал чектөөлөрүнө карабастан, алыскы аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны Гавайи аралдарын көздөй учурууга камылга жасап жатканы жоромолдонулуп келет.

XS
SM
MD
LG