Ысык-Көл облусундагы шайлоо участкаларынын комиссиясы аныктала баштагандан бери БЭКтен көрсөтүлгөндөрдүн көбү тандоодон чыгарылып атат. Анткени айрым талапкерлер кысымга алынып, комиссияга иштөөдөн баш тартса, көпчүлүгүнө чүчү кулакка катышуу мөөнөтү кеч эскертилген. Бирок райшайком Зина Курбанова буга алар өздөр күнөөлүү дейт. БЭКтин облустагы штаб башчысы Мирбек Асанакунов Жети-Өгүз районунан көрсөтүлгөн 180адамдан 4өө гана комиссия курамына илингенин билдирди. Анын айтуусунда, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын оппозициялык партияларынын талапкерлерине болгон мындай мамиле шайлоонун бурмаланышын шарттоодо. (RB)