1894-жылы 23-июнда Пьер де Кубертендин демилгеси менен Парижде конгресс болуп, Эл аралык олимпиада комитети түзүлгөн. Ошондон бери бул күн жыл сайын эл аралык олимпиада күнү катары жер шарында белгиленип келет. Кыргызстандыктардын ичинен биринчи болуп ат спорту боюнча чебер Сайботал Мурсалимов 1960-жылы Римде өткөн жайкы олимпиадага катышкан. 1980-жылы Москвадагы олимпиадада Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Александар Блинов катышып, чемпион болушкан. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдынча 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөрүлгөн жайкы олимпиада оюндарына катышкан. Былтыр Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча Канатбек Бегалиев күмүш медалды, Руслан Түмөнбаев коло медалды утуп алышкан. (AJ)