Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Ингушетиянын катуу жараат алган президенти Москвага жеткирилди


Юнус - Бек Евкуров кечээ Назран шаарынын жанында, ишке келе жаткан жолунда жанкечти жасаган жардыруудан оор жаракат алган эле. Анын менен кошо дагы үч киши жаракат алып, айдоочусу мерт болгон. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Орус президенти Дмитрий Медведев мурда аскерий кызматта жүргөн Евкуровду Ингушетиянын жетекчилигине мындан сегиз айча мурда, былтыр октябрь айынын соңунда дайындаган. Кечээ ал кол салууну айыптады.

 

XS
SM
MD
LG