Президенттикке “Ак шумкар” партиясынан талапкер түштүктүн Баткен облусун кыдырып, Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушкан соң, бүгүн Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Темир Сариев алдыдагы эки күндө көлдүн күнгөй-тескей, бүт бардык жагындагы шайлоочулар менен жолугушмакчы. Анын андан аркы сапары Нарынга болот, деп маалымдашты талапкердин Бишкектеги штабынан “Азаттыкка”.
Кечээ Темир Сариевге Кызыл-Кыядагы шайлоочулар менен жолугушууда жергиликтүү бийлик жана айрым чагымчыл адамдар тарабынан бут тосуулар болгону кабарланган.(ZKo)
Кечээ Темир Сариевге Кызыл-Кыядагы шайлоочулар менен жолугушууда жергиликтүү бийлик жана айрым чагымчыл адамдар тарабынан бут тосуулар болгону кабарланган.(ZKo)