Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

“Манас” эл аралык аэропортунда транзиттик база ачылат


Ишенимдүү булактан “Азаттыкка” билдиришкендей мындай келишим Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү ортосунда 22-июнда түзүлгөн. Ага ылайык "Манас" аба базасында мындан ары гуманитардык жана башка жүктөрдү ташуу боюнча логистикалык борбор түзүлөт. Аталган келишимди жакын арада бекитип берүү сунушу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине жиберилген. Маселени Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитети бүгүн түштөн кийин карай турганы кабарланууда.
Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан менен АКШ Ооганстанга Кыргызстан аймагы аркылуу аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуу боюнча макулдашууга жетишкенин өткөн жуманын соңунда билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG