Бул карызды Кыргызстан сентябрга чейин төлөп бүтөт, деп маалымдады КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Илияс Давыдов бүгүн парламентте. Анын айтуусунда аз күн мурда “УзТрансгаз” ишканасы менен протоколго кол коюлган. Ага ылайык июль айында 2,6 млн. доллар төлөнөт. Карыздын калганын сентябрь айына чейин төлөп бүтүшүбүз керек, деди министр.(ZKo)