Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Кара-Сууда БЭКтин талапкеринин жолугушуусун үзгүлтүккө учуратуу аракети жасалды


Бириккен элдик кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев «Азаттыктын» дубандагы кабарчысына билдиргенине караганда, өлкө башчылыгына талапкер Алмазбек Атамбаев Кара-Суу районунун шайлоочулары менен аймактагы борбордук китепканада жолугушту. Жыйын башталганда электр энергиясы өчүрүлдү. Анын ордуна талапкердин штабы кошо ала жүргөн генератор жагылды. Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү кырдаал туурасында маалымат жасап, андан кийин мамлекетти кризистен куткаруу программасын калкка сунуштады.

Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, жолугушуу аяктап калганда жергиликтүү бийлик же китепканга жакын жайланышкан «Ак жол» партиясынын райондук штабы уюштурганбы, айтор, ажылдаган аялдар жана чалдар тобу талапкерге тап коюшту. Мындан тышкары Жоомарт Сапарбаевдин өзүн ИИБинин тогузунчу бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган майор “уруксатсыз чогулушту неге тартып жүрөсүң”, деп опузалаган.

Бул туурасында Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигине чалсак, жогорудагы жоруктар жөнүндө эми угуп жатышкандыгын билдиришти. (ATo)

XS
SM
MD
LG