Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

АКШ “Манастагы” транзиттик база үчүн Кыргызстанга 100 млн.дон ашуун доллар төлөйт


Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин шарттары боюнча АКШ өкмөтү Кыргызстандын бюджетине Ооганстанга жүк ташуу боюнча транзиттик-логистикалык борбордун ижара акысы үчүн жылына 60 млн. доллар төлөйт. Мындан башка жаңы базанын алкагында өзүнчө перрон курулушу каралууда, бул үчүн “Манас” аэропортунун аэронавигациясын жакшыртууга 30 млн. доллар берилет, булардан тышкары АКШ биргелешкен экономикалык өнүктүрүү фонду үчүн 20 млн. доллар бөлөт. Ошондой эле баңзаттарга каршы күрөшүү үчүн 21,5 млн. ал эми терроризмге каршы иш алып баруу үчүн 10 млн. доллар бермек болду.

Президенттик администрациядагы ишеничтүү булактан алынган маалыматка караганда “Манас” аба майданындагы транзиттик базага байланыштуу АКШдан атайын делегация келген. Мындан тышкары “Манас” аба базасынын Кыргызстандын экологиясына ыктымал терс таасирин иликтөө үчүн атайын мониторинг жүргүзүүчү топ иш алып барат. Транзиттик-логистикалык борборго өзүнчө чек ара жана бажы түйүндөрү коюлат.

“Манас” аба майданында орун алуучу транзиттик-логистикалык база тууралуу келишим бир жылга түзүлөт, алты айдан кийин тараптар келишимди токтотууну каалабаса, андан ары дагы бир жылга узартылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG