Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:06

УКМК: Жалал-Абатта беш согушкер жок кылынды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү 23-июнга караган түнү Жалал-Абат шаарынын четиндеги аймакта “Өзбекстан ислам кыймылынын” согушкерлерине каршы операция жүргүздү. Куралдуу катуу кармаштан соң беш согушкер жок кылынды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди. Маалыматта айтылгандай, согушкерлер эл аралык террористтик борборлордон атайын даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга чет жерден кирип келишкен. Операциянын жүрүшүндө УКМКнын бир кызматкери каза тапты, дагы бирөө жарадар болуп ооруканага жеткирилди. Жардыруучу заттын айынан согушкерлер бөгүп жаткан үй күйүп кетти. Өрт өчүрүлүп азыр ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG