Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

Консот Исаковдун арызын канааттандырды


23-июлда Конституциялык Сот И. Исаков жана Э. Каптагаевдин арызын карап, аны канааттандырды. Арыздануучулар Конституцияга ылайык акыркы чечимди Жогорку Сот гана чыгара алат, ал эми экинчи инстанциядагы соттордун даттанууга болбойт деген акыркы чечимдери мыйзамсыз экенин аныктап берүүнү суранышкан.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Исмаил Исаков жана Эмил Каптагаев аларга козголгон кылмыш ишти саясий максатта козголгон иш катары баалап келишет. Анткени кылмыш иштери алар оппозиция катарында активдүү иш жүргүзө баштагандан кийин козголгон.

Исаковго козголгон кылмыш иш Бишкек гарнизондук сотунда териштирилип жаткан. Соттук жараянда Исаков жана анын адвокаттары Гарнизондук соттун судьясына ишеним көрсөтпөй турганын билдиришип, Аскердик сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Бирок Аскердик сот аны канааттандыруудан баш тарткан жана өз чечимин даттанууга жатпаган акыркы чечим катары баалаган. Ушундай эле чечимди Ысык-Көл облустук соту Эмил Каптагаевге байланыштуу да чыгарган.


Апрель айында Исмаил Исаков, андан кийин май айында Эмил Каптагаев акыркы чечим чыгаруучу Жогорку Сотко кайрылуу укугунан ажыратылышына байланыштуу Конституциялык Сотко арыз менен кайрылышкан. Конституциялык Сот эки арыз мааниси боюнча окшош болгондуктан аны бириктирип кароо чечимине келген.

Арыздын мазмуну тууралуу Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова буларды билдирди:

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73 беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү жекече даттануунун жыйынтыктары боюнча чыгарылган аныктама даттанууга жатпайт деген сүйлөм Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес жана Конституциянын 13 беренесинин 3 пунктуна, 21 беренесинин 5 жана 6 пункттарына жана 88 берененин 3 пункттуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө Исаков Исмаил Исаковичтин жана Каптагаев Эмилбек Саламатовичтин өтүнүчү киргизилет.

Соттук териштирүүдө Исмаил Исаков жана Эмил Каптагаевдин адвокаты Мукар Чолпонбаев экинчи инстанциядагы соттун чечимдери Конституциянын бир нече беренелерине каршы келерин, экинчи инстанциядагы соттор жетекчиликке алган Жазык-процессуалдык кодексинин 73 беренесинин 4чү пунктунун акыркы бөлүгү да Конституцияга каршы келерин билдирип чыгышты. Экинчи инстанциядагы сотторго акыркы чечим чыгарууга укук берген норма Жазык-процессуалдык кодексине 2007-жылы депутат Садыр Жапаровдун демилгеси тарабынан киргизилген . Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн өкүлү сотто доогерлердин жүйөөлөрү менен макул болуп, 73 берененин акыркы бөлүгү Конституцияга каршы келерин моюнга алды.

Мына ошондон кийин Конституциялык сот 6-7 саат кеңешип, аягында Исмаил Исаков жана Эмил Каптагаевдин доо арыздарын канааттандырган чечим чыгарды. Соттун чечими тууралуу адвокат Мукар Чолпонбаев буларды билдирди:

- Биздин арыздарды канааттандырды. Конституциялык сот даттанууга жатпайт деген мыйзамды жараксыз деп тапты. Демек биздин Жогорку Сотко кайрылууга толук укугубуз бар. Анан кийин эми Жогорку Сот адилеттүүлүк кылат деген оюбуз бар.

Ал эми Исмаил Исаков Конституциялык соттун чечиминен кийин ага козголгон кылмыш ишти териштирүү сентябрь айларына чейин калыш ыктымалдыгын белгиледи:

- Азыркы кабыл алынган чечимге жараша Жогорку Кеңеш Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизиш керек.Андан кийин мына ошол мыйзамдын чегинде судьяларды алмаштыруу боюнча жогорку сот инстанцияларына кайрылууга укугубуз пайда болот. Бул эми мөөнөтү боюнча сентябрь-октябрь айларына чейин созулуп калышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG