Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

К. Бакиев: Жөндүү сын шайлоо процессин жакшыртууга көмөк болот


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун шайлоого байкоо салуу боюнча миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска менен жолукту. Анда К. Бакиев Кыргызстан ЕККУнун шайлоо процесстери боюнча сунуштарын ар дайым сыйлап келгенин, жөндүү, объективдүү сын шайлоо процессин жакшыртууга жана демократияны бекемдөөгө өбөлгө болоорун айтты. Р. Шекеринска айым өз кезегинде миссия жана анын башкы максаты тууралуу маалымат берди. Кыргызстан Борбор Азияда коомду демократиялаштыруу жаатында пионер экенин белгилеп, шайлоодон кийинки жыйынтыктоочу баяндама аталган процессти мындан ары да жакшыртуу үчүн пайдаланылат, деген үмүтүн айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG