БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Ош областында шайлоочулары менен жолугушуу маалында өзүнүн коопсуздугуна коркунуч бар экенин баса белгилеп, үй-бүлөсүн алыска коопсуз жакка жөнөткөндүгүн айтып, өзү жөнүндө «23-июлга жетемби-жетпейимби, айтуу кыйын» деп билдирди.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Руслан Шаботоев тирүү эместигин, ал эбак криминалдашкан бийликтин курмандыгына чалынгандыгын, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатын ким өлтүргөндүгүн билишээрин ачыктады. Ага улай партиянын парламенттеги өкүлү Жусупжан Жээнбековго уулунун өтүп кеткендиги оор болгондугун белгилеп, бирок партиялашы эки жээкте чарпылгандыгы, принципсиздиги жана туруксуздугу үчүн мандатынан ажырагандыгын маалымдады.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралууда деген кабарды четке какты. Анын ырасташынча, мындай билдирүү улуттук коопсуздук жана күч органдарына түшө элек.
Алмазбек Атамбаев эртең Алай жана Араван райондорунун шайлоочулары менен жолугушары күтүлүүдө. (ATo)