Ал 1931-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. 1950-жылы Фрунзеден токойчулардын мектебин, 1957- жылы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономиялык факультетин бүтүргөн. Өмүрүнүн 30 жыл аралыгында Кыргызстан коммунисттери партиясынын борбордук комитетинде инструктор, Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы, Ош облусунун обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы, СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Анын өлкөгө жана эл үчүн жасаган эмгектери өкмөт тарабынан жогору бааланып, бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Темирбек Кошоевди акыркы сапарга узатуу иш чарасы бейшембиде уюштурулуп, сөөгү жерге берилет. (AJ)