Арыздануучулар Жазык процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндөгү жекече даттануунун жыйынтыгы боюнча чыгарылган даттанууга жатпайт деген сүйлөм Баш мыйзамдын беренелерине карама-каршы келет деп Конституциялык сотко кайрылышкан. Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн өкүлү сотто доогерлердин жүйөөлөрү менен макул болуп, Жазык процесстин 73-беренесинин акыркы бөлүгү Конституцияга каршы келерин моюнга алды. (AJ)