Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

А.Атамбаев: «23-июлга чейин жетемби же жетпейимби айтуу кыйын»


Бул тууралуу президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев кечээ Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушууда билдирип, өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулганын ачыктады. Ал ошондой эле парламент депутаты Руслан Шабатоевдин тирүү эместигин, аны ким өлтүргөнүн дагы билишерин айтты. Бүгүн Алмазбек Атамбаев Алай жана Араван райондорунда шайлоочулар менен жолугушуусу күтүлүүдө. “Ак шумкар” партиясынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Темир Сариев болсо бүгүн Ысык-Көлдө шайлоочулар менен жолугушат. Ал эми аялдардан президенттикке жалгыз талапкер Токтайым Үмөталиева бүгүн Таласта жолугушууларды өткөрөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG