Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Пакистанда АКШнын учкучсуз учагынын ракеталык соккусунан элүүдөй адам мерт болду


Маалыматтарга караганда, АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы Пакистандын аймагында талиб согушкерлерин бутага алган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, согушкерлердин кырктан ашууну Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан аймагында жок кылынды. Учкучсуз учак ракеталык соккуну алар андан мурдагы сокку учурунда мерт болгон согушкерлерди акыркы сапарга узатып жаткан учурда жасаган.

Түштүк Вазирстан – талибдердин Пакистандагы лидери Байтула Мехсуддун таяныч бекети катары эсептелинет. Учкучсуз учактан жасалган аба сокку Пакистан армиясы Мехсуддун күчтөрүнө каршы ири чабуул баштоого даярдык көрүүдө деген маалыматтар айтылып жаткан учурда орун алды.

XS
SM
MD
LG