Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, Лю Сяобо (Liu Xiaobo) өкмөттү кулатууну, өлкөдөгү социалистик түзүлүштү көңтөрүүнү максат кылган үгүт иштери үчүн камалган. Кабарларга караганда, аны камоо чечими кечээ чыккан. Лю Сяобо полициянын камагында буга чейин эле былтыр декабрдан бери отурган. Анда ал Кытайда ой –пикир билдирүү эркиндигин кеңейтүүгө, адам укуктарын жакшыртууга, демократиялык шайлоо өткөрүүгө чакырган “Хартия 08” деп аталган документ жарыяланардан бир күн мурда кармалган эле. Лю бул документтин автолорунун бири болчу. Ал диссидент катары 1989 – жылы борбордук Тяньамень аянтындагы күч менен аяоосуз басылган демонстрациялардан бери таанымал.