Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

АКШ президенти Иран бийлигинин демонстранттарга каршы көргөн чараларын кескин айыптады


Барак Обаманын айтымында, Иранда демонстранттардын ур-токмокко алынганы, камалганы, коркутууга кириптер болгону аны кыжырдантты. Вашингтондогу кечээги пресс-конфернция учурунда сүйлөгөн сөзүндө Обама Иран бийликтеринин демонстранттарга каршы көргөн чараларын “адилетсиз” деп атоо менен айыптады:

-Акыркы бир нече күн аралыгындагы камоолор, ур –токмокко алуулар коркуутуулар АКШнын жана эл аралык коомчулуктун үрөйүн учурду жана кыжырдантты. Мен бул адилетсиз чараларды кескин айыптайм жана өмүрүнөн айрылган бейкүнөө адамдардын ар бири үчүн аза күтүүдө Американын элине кошулам.

Барак Обама ошондой Иран бийликтеринин массалык демонстрацияларга Батыш өлкөлөрү шыкак берди деген айыптоосун “абсурд” жана “жалган” деп атады.

АКШ президенти мындай билдирүүсү Ирандын эң жогорку органы - Көзөмөл кеңеш оппозициянын 12-июндагы президентик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндөгү талабын четке каккан учурга туш келди.

Бул аралыкта британ премьер- министри Гордон Браун Британия Иран эки британ дипломатын өлкөдөн чыгарганына жооп кылып, алар да ирандык эки дипломатты чыгарарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG