Иран бийликтери учурда президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор жаңы демонстрацияларды өткөрүүсүн алдын алууну көздөөдө. Башкааланын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн полиция жана башка коопсуздук күчтөрү кечээ нааразылык жүрүшүнө жол берген жок. Ирандын эң жогорку органы – Көзөмөл кеңеш оппозиция добуштардын саналышы олуттуу бурмалоо жана көз бойомочулук менен коштолду деп эсептеген шайлоону кайра өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Бирок кабарларга караганда, өлкөнүн диний көсөмү Аятолла Али Хаменейи Көзөмөл кеңешине оппозициянын бурмалоолор боюнча дооматтарын иликтөөсү үчүн дагы беш күн убакыт берген.