Премьер-министр Игорь Чудиновдун маалымат катчысы Айбек Султангазиевдин билдирүүсүнө караганда, 23-июлга белгиленген президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны бүгүн болот. Анда шайлоо кампаниясын финансы жана материалдык жактан камсыздоо, добуш берүүгө шарт түзүү сыяктуу маселелер каралат. (AiT)