Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:03

ЖКнын комитети Түштүк Кореяда соода өкүлчүлүгүн ачууну колдооду

Парламенттин эл аралык иштер жана парламенттик байланыштар боюнча комитети Түштүк Кореяда Кыргызстандын, Кыргызстандын Түштүк Кореяда соода өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимди колдоп берди. Келишим тууралуу комитет мүчөлөрүнө экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары Санжар Муканбетов маалымат берип, эки өлкөнүн соодасы 2007-жылы 42 миллион доллар, а эми 2008-жылы 84 миллион доллардан ашып кеткенин билдирген. Муканбектов ошондой эле Кыргызстан Түштүк Корея менен соода байланышты жана башка мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берип жатканын кошумчалаган. Депутаттар андан кийин келишимди колдоп беришти. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)


XS
SM
MD
LG