Кувейттин “Мохамад Абдулмаашин аль-Карафи групп” компаниясынын өкүлдөрүн бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда иш жүргүзүү, инвестиция салуу маселелери жөнүндө сөз болду. Кувейттик компания курулуш, айыл чарба, тамак-аш, кайра иштетүү тармагында, банк системасында иш жүргүзөт. Компаниянын кол алдында 70 миң кызматкери бар.(AiT)