Алдын ала маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны 2,7 миллионго барат. Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов Шайлоону уюштуруу республикалык штабынын жыйынында билдирди. Жыйында белгилүү болгондой бүгүнкү күнгө 2 миң 333 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп бүттү. БШК төрагасы Дамир Лисовскийдин билдирүүсүндө бул участкалык шайлоо комиссияларына 21 миңден ашык киши тартылды. Участкалык шайлоо комиссияларына 23 саясий партиядан 5 миң 820 адам кирген. Өкмөт башчы шайлоочулар тизмесин түзүп бүтүүгө үч күн калгандыгын эскертип, тизме объективдүү толтурулушун талап кылды. (EK)