Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Р.Тагаев: Жалал-Абадда жок кылынган жоочулар Өзбекстан жарандары деген маалымат бар


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Р.Тагаев бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абадда жок кылынган коңшу өлкөнүн жарандары Пакистанга барып, ал жакта даярдыктан өтүп келишкен. Алардын колунда ошончо курал-жарак болгонуна караганда, алар чоң террордук аракеттерди жасоого камданып жатышкан. Биздин УКМКнын алдын-ала аракети алардын максатын таш каптырды. Ошондуктан УКМКнын аракетине чоң баа берүү менен бир жоокердин каза таап калганына өкүнүч билдиребиз, деди Тагаев. 23-июнда Жалал-Абадда жок кылынган куралдуу адамдардын 26-майдагы Өзбекстандын Ханабад шаарына кол салууга тиешеси барбы деген суроого Рашид Тагаев, бул боюнча бир жактуу жооп айтуу кыйын деди. Депутат ошондой эле Пакистан жана Ооганстанда кырдаал курчуган шартта Манас аба майданында Транзиттик борбордун түзүлүшүн оң баалап, ал Кыргызстандын коопсуздугуна оң таасир тийгизерин кошумчалады. УКМКнын маалымат кызматы Жалал-Абадда өлтүрүлгөн куралдуу адамдардын кимдигин аныктоо боюнча иштер уланып жатканын жана азырынча расмий маалымат жок экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG