Жогорку Кеңештеги Коммунисттик фракция бүгүнкү түштөн кийинки жыйынында Манас аба майданында Транзиттик борбор түзүү боюнча кыргыз жана америка өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди кароого киришти. Белгилүү болгондой Манастагы аскердик базаны чыгаруу боюнча демилгелердин башында коммунисттердин лидери да турган. Манаста Транзиттик борбор түзүү боюнча келишимди “Ак жол” фракциясы да жабык эшик артында карап жатканы кабарланууда. Парламент ал келишимди ратификациялоону 25-июнга белгилеген.(AiT)