Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Алайда Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусун үзгүлтүккө учуратуу аракети ишке ашкан жок


Бириккен элдик кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев «Азаттыкка» маалымдашынча, 24-июнда таңга маал Алай районунун акими Алмазбек Осмонов укук коргоо органдарынын башчыларын чогултуп, оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууну тапшырган. Ошого карабастан Гүлчөдөгү кездешүүгө 700-800 чакты киши катышып, табигый кырсыктан жапа чеккендердин кейиштүү акыбалы, пенсия-пособиенин кеч таркатылышы талкууланды. Ошондой эле БЭКтин жол башчыларынын бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду сот аркылуу актоо талабы коюлду.

Алай районун акими Алмазбек Осмонов БЭКтин өкүлүнүн маалыматын четке кагып, оппозиция талапкери 30-40 чакты кишиге жолукканын, алардын баарлашуусуна эч кандай тоскоолдук болбогондугун кабарлады. (ATo)

XS
SM
MD
LG