Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Кыргызстанда жол кырсыгынан 5 айда 359 адам каза болгон


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму былтыр дүйнөдө 1 млн. 270 миң адам жол кырсыктарынан каза болгонун маалымдады. Жол кырсыктарынан ажал тапкандардын саны боюнча Кыргызстан да дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде.

Бишкек шаардык МАИ башкармачылыгын мурдакы жетекчиси Касымбек Райымкул улуунун айтымында, жолдогу кырсыктар бир нече себептерге байланыштуу келип чыгат.

- Алардын негизги себептери көпчүлүк айдоочулар адис эмес экендигинен, алар катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежелерин сактабагандыктан, өлкөнүн жолдору учур талабына жооп бербегендиктен жана калктын жол эрежелери боюнча маалыматынын аздыгынан болууда.

Кыргызстанда дагы күн сайын жол-транспорт кырсыгынан адамдар каза болууда.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин мамлекеттик авто көзөмөл башкармасынын аналитика бөлүмүнүн жетекчиси Абдыбек Дүйшалиевдин айтымында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2009-жылдын январынан тартып июнь айына чейин Кыргызстанда 359 адам каза болуп жана 1646 жол кырсыгы катталган.

-Былтыр өлкө аймагында 4540 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1138 адамдын өмүрү кыйылган. Жол кырсыктарынан былтыркы жылы эле 5925 адам жарадар болуп, ар түрдүү жаракат алышып, жабыр тарткан.

МАИ кызматкерлеринин аныктамасы боюнча, жол-транспорт кырсыктарынын 70-80 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн болсо, ал эми 18 пайызына жөө жүргөндөр күнөөлүү.

Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалалабат облустарында жол-транспорт кырсыктарынын саны 46 пайызга чейин өскөн.

Бишкек менен Ош шаарларын алсак, жакындан бери борбордук көчөлөрдө жүрүү көйгөйгө, түйшүккө айланып баратат. Ал болсо экологиянын бузулушун алып келип, жол тыгындарын пайда кылууда.

Бишкекте жол кырсыгынын дагы бир себеби – маршруттук таксилердин көбүрөөк иштеп акча табууга аракеттенип, алар жол эрежелерин одоно бузгандыгынан болууда.

Бишкектин жолдоруна күн сайын 150 миң автоунаа чыгып турат.

Бишкектин тургуну Мунара Абдрашитованын айтымында, кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири болуу менен жолдогу тыгындарды пайда кылууда.

-Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Чуңкурлардан буйтайбыз деп атып сүзүшүп атышпайбы. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда.

Кеминдик айдоочу Ислам Исраиловдун баамында, инспекторлор жол эрежелеринин сакчысы болбой, тыгындарды жөнгө салбай эле, айдоочуларды айыпка жыгып, каражат өндүрүүгө кызыкдар болуп алышкан.

Айдоочу Алмаз Кудайбергенов:- Транспорт министрлиги бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ тармагы жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, жол кырсыгы алда канча азайып, тыгындар да болбойт эле, -дейт.

Учурда бир көчөгө светофор орнотуунун наркы 1 млн. 400 миң сомду түзөт. Ошондуктан кеңеш доорунда орнотулган светофорлордун да иштөө мөөнөтү эбак бүтсө дагы, эптеп оңдоп-түздөп иштетүүдө. Өлкөнүн айрым аймагында светофорду унутуп да калышкан. Ал түгүл жолдогу белгилерди уурдап кетүү фактылары да катталууда.

Ошондуктан жолдогу белгилердин уурдалып кеткендигине байланыштуу кырсыкка кабылгандар да болууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG